Аймак

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
15/06 18:29
 

Арстанбапта кыздар үчүн жайкы лагерь өткөрүлөт

Бишкек, 15-июнь /Кабар/. Арстанбапта кыздар үчүн жайкы лагерь өткөрүлөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.


Жалал-Абад – “Жаш жарандарды өнүктүрүү” коомдук фонду жана “Репродуктивдүү ден соолук боюнча альянс” коомдук бирикмеси “Аялдардын саламаттыгы жана алардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” долбоорунун алкагында жайкы лагерь өткөрүүдө. Жайкы лагерге Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы орто окуу жайларында окуган жана жашаган 14 жаштан 17 жашка чейинки кыздар катыша алат.


Долбоор USAID жана DFID тарабынан каржылануучу Биргелешип башкаруу программасынын колдоосунда ишке ашырылууда.
Жайкы лагердин катышуучулары активдүү эс алууга, сергек жашоо мүнөзү, лидердик көндүмдөрдү өнүктүрүү чөйрөсүндө жаңы билимдерди алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондой эле Кыргыз Республикасындагы аялдардын укуктарын жанамүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелерин талкуулоого болот. Катышуучуларды ошондой эле спорттук иш-чаралар, көңүлдүү концерттер жана башка иш-чаралар күтөт.


Лагерь чечимдерди кабыл алуу көндүмдөрүн жана лидердик сапаттарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууга чакырылган.
Жайкы лагерге катышууну каалагандар 2016-жылдын 30-июну саат 17:00гө чейин кыргыз жана орус тилинде өтүнмө толтурушу керек. Өтүнмөнү rhakja@gmail.com электрондук почтасына жөнөтүү керек.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу