Аймак

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
15/06 17:36
 

Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында кырсыктын кесепети жоюлду

Бишкек, 15-июнь /Кабар/. “Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында кырсыктын кесепети жоюлду.бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

15-июнь күнү саат 00:50дө Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында Ак-Суу суусунун денгээли жаан-чачынга байланыштуу кескин көтөрүлүп, Теплоключенка айылынын Дзержинский көчөсүндөгү 15 турак-жайын суу каптап кетүү коркунучу жаралган. Ак-Суу райондук Жарандык коргонуу кызматы, райондук авариялык калыбына келтирүү командасы жана жергиликтүү калк көтөрүлүп, жалпы 250 адам, 2 даана эксковатор, 2 даана ЗИЛ-самосвал, суудан коргонуу кызматынан 1 даана погрузчик жана 2 даана КамАЗ-самосвал, облустук тартипти сактоо кызматынан 35 адам чогулуп, саат 01:00дөн баштап, саат 06:00гө чейинки убакытта 1500 даана капка кум толтуруп аралыгы 300 метр дамба курулду.


Азыркы учурда, аталган турак-жайларды суу каптап кетүү коркунучу кайрадан пайда болгондуктан, Ысык-Көл ИИМ башкармалыгынан 97 кызматкерлери жана жергиликтүү калкынан кошумча адамдар тартылып, 300 капка кум толтуруп, тизүү иштери жүргүзүлүп, өзгөчө кырдаалдын кесепети жоюлду.

Учурда министр министрдин орун басары Нурбек Сыдыгалиев Ысык-Көл облусунда жүрөт.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу