Аймак

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
15/06 16:07
 

Баткен облусунда кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери башталды

Баткен облусунда кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери башталды

 
Бишкек, 15- июнь /Кабар/. Баткен облусунда кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери башталды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Баткен районунда 14-июнунда саат 21:50 чамасында алдын ала берилген маалыматка ылайык Баткен районунун Дара айыл аймагындагы Кан, Сары-Талаа, Жаңырык айылдарында нөшөрлүү жааган жамгырдын кесепетинен сел кетип:


Сары-Талаа, Жаңырык айылдарынын ортосундагы ички чарбалык унаа жолунун 2-3 жеринен сел түшүп, жол каттамы жабылган, аталган жол №2 жол тейлөө ишканасынын балансында.
-Кан айылынын ички чарбалык жолдорун, арыктарын кум-шагылга толтурган жана 2 турак үйдүн короосуна суу кирген. Селден адамдар, турак үйлөр жана мал жандыктар жабыр тарткан эмес.


Учурда министрдин орун басары Равшанбек Рысбаев бул аймакка барып, сел болгон аймактарды жеринен көрүп, күйүүчү-майлоочу майларды, техникаларды жеринен бөлүп берип, кайрадан өзгөчө кырдаал кайталанып кетпөөнүн чараларын көрүп жатат.

1 из 2

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу