Аймак

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
15/06 12:54
 

Ошто социалдык объектилери жок аймактар быйыл колго алынат

Ошто социалдык объектилери жок аймактар быйыл колго алынат

Бишкек, 15-июнь /Кабар/. 14-июнда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте шаарда курулуп жаткан бала бакча жана мектептердин курулушун жеринен көрүп келди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. 

Шаар башчы социалдык курулуштарга быйыл өзгөчө көнүл бурулуп жаткандыгын айтып, бир да бала бакча, мектеп жок аймактар колго алынаарын айтып төмөнкүлөргө токтолду: -“ Социалдык курулуштарга, жолдорго жалпысынан жергиликтүү бюджеттен 450 млн. сом акча каражаты каралды. Эң негизги максат шаардын чет жаккаларында жайгашкан аймактарды колго алуу болуп саналат. Быйыл Дача аймагындагы мектеп жыл аягына чейин тапшырылат. Мындан тышкары Тээке айылына, Жибек-Жолу, Амир-Тимур аймактык кеңештерине өзгөчө көңүл бурулуп, мектептин долбоорлору иштелип жатат, жакынкы аралыкта курулуштарын баштайбыз. Анткени шаарда мектеп таңкыстыгы бар. Аларды акырындык менен жоюш керек”,- деди А.Кадырбаев

Белгилей кетсек, жыл башында Ош шаарында эки бала бакча шаардыктарга тапшырылган. Ал эми жакынкы аралыкта Пятилетка айылындагы 120 орундуу, Озгурдагы 100 орундуу балдар бакчасы колдонууга берилет.

Ошондой эле, учурда Курманжан Датка-2 аймактык кеңешиндеги Иригатор көчөсүнө 275 орундуу мектеп, Жибек Жолу аймактык кеңешинде да 275 орундуу мектеп жана 120 орундуу балдар бакчасынын долбоорлору иштелип жатат. Ал эми Амир-Тимур аймагына да курулуучу мектептин долбоору каралууда.

1 из 2

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу