Аймак

Ноябрь 2017
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30      
01/06 10:48
 

Ошто аялдар үчүн "Үй-бүлө куруунун мазмуну жана максаты" түшүндүрүлдү

 Ошто аялдар үчүн "Үй-бүлө куруунун мазмуну жана максаты" түшүндүрүлдү

Бишкек, 1-июнь /Кабар/. Кечээ, 31-май күнү "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду тарабынан “Тарых жана маданият” жылына карата Ош шаарындагы Семетей кинотеатрында 400 аялдын катышуусунда "Үй-бүлө куруунун мазмуну жана максаты" темасында семинар болуп өттү. Семинарга Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Ыйман фондунун түштүк аймактагы өкүлү Медер Абдыманапов, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлү Бөрүмухамед Эсенов жана казынын орун басары Нурбек кары Орунбаев катышышты. Бул тууралуу Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.

Семинарда облус казысы Самидин кары Атабаев "Үй-бүлө куруунун мазмуну жана максаты" аталышындагы докладын окуп, Исламдагы аялзатынын орду жана үй-бүлөдөгү никенин негизги маңызына токтолду. Үй-бүлө курууда бойго жеткен кыздарды убагында турмушка берүү зарылдыгы, бойго жеткен кыздын макул болуп турмушка чыгуусу күйөөсүнүн ыйманын толуктап, бүтүн кылаарын жана үй-бүлө аркылуу коом түзүлүп, тукум уланаарын эскертип, андыктан кыз баланы турмушка даярдоодо Исламдын принциптерине маани берүү пайдалуу экендигин айтты. Мындан сырткары, балдарды тарбиялоодо ата-эненин жоопкерчилиги, коомго пайдалуу перзент өстүрүү маселесин түшүндүрүп, баланын тарбиясы эненин курсагында болгон кезден калыптанаарын айтты. Ошондой эле, Казы өз сөзүндө: "Эне баланы эмизип турган абалда ар түрдүү жаман нерселерден көзүн сактасын, себеби эненин көзү аркылуу кабыл алынган нерселер сүт аркылуу балага өтөт. Балага жаңы төрөлгөн чүрпө кезинде кулагына жакшы сөздөрдү айтып тарбия берүү маанилүү, ал ошол убакта кабыл алууга муктаж учуру болуп саналат. Баланын тарбияны кабыл алууга муктаж учурун ар бир ата-эне байкап, ошол кезде балага ушак, гыйбат сөздөрдү угузуудан сактап жакшы өрнөктөрдү үйрөтүүсү зарыл. Эне деген мектеп бул коомдун келечегин тарбиялоонун башаты. Эгер эне деген мектеп бузулса - бүт коом бузулат, эгер эне деген мектеп оңолсо - бүт коом да оңолот", - деди.

Семинардын 2-бөлүгүндө аялзатынын турмуштагы көйгөйлүү маселелери боюнча суроо-жооп уланып, облус казысы тиешелүү жоопторду берди. Үч саатка созулган семинар пайдалуу болгондугуна ыраазы болгон энелер өз баталарын беришти.

Эскерте кетсек, "Ыйман" фонду тарабынан ай сайын жогорудагыдай жолугушуу семинарларын өткөрүп туруу убадасы берилди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу