Аймак

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
26/05 10:18
 

Ошто мыйзамсыз ишкердик кылган кытай фирмасына тыюу салынды

Бишкек, 26-май /Кабар/. Ош шаары боюнча Мамэкотехинспекциясы тарабынан Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын аймагындагы Ноокат шоссесинин 6-километринде жайгашкан, “Хун-Да компани” ишканасы текшерилди. Натыйжада мыйзамсыз түрдө, экологиялык жана техникалык коопсуздук мыйзамдарынын талаптарын аткарбай, темирди кайра иштетүүчү цехин куруу иштерин жүргүзүп жаткандыгы аныкталды. Бул тууралуу шаардык Мамэкотехинспекциясы билдирди.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча экологиялык жана техникалык коопсуздук абалын текшерүү актысы түзүлүп, цехти куруу иштерин токтотууга жана мыйзамсыз түрдө ишмердүүлүгүн жүргүзбөө үчүн жазма буйрук берилди.

Ошондой эле, Курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө уруксатсыз булгоочу заттарды чыгаруу (агызуу), калдыктарды жайгаштыруу, жаратылыш чөйрөсүн бүлүндүрүү жана ага башка зыяндуу таасир берүүдөгү иши үчүн 5000 сом айып салынды.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу