Аймак

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
16/01 09:55
 

Кемин районунда белгисиз дарттан кырылган койлорду текшерүү иши уланууда

Бишкек, 16-январь /Кабар/. 14-январда Кемин районунда Орловка шаарчасына жакын жайгашкан жердеги фермер Хусейн Салпагаровдун сарайынан 45 баш кой өлгөн. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Койлордун эмнеден улам өлгөндүгүнүн себебин тактоо максатында курамында 10 адамдан турган жеригиликтүү комиссия түзүлгөн.
Мал сарай Орловка шаарчасынан 3 чакырым түштүк-чыгыш тарапта жайгашкан. Азыркы убакта иштебей турган “Кемин химиялык металлургиялык заводунан” чыккан суудан ичишчү. Бирок ал сууда балык багылаары айтылууда. Сарай менен заводдун аралыгы 200 метрдей. Комиссия тарабынан мал жайылган жайыт каралды. Алдын ала маалыматтар боюнча койлордун өлүмү уулангандан болгон.

Чүй облустук ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясы тарабынан бир койдун эти жана мал жайылган жердин топурагынан үлгү алынып, Республикалык мал оорусун анализдеген лабораторияга жиберилди. Республикалык санэпидэмнадзор тарабынан микробиологиялык жана гигиеналык изилдөө максатында суунун пробасы алынды. Өлгөн койлор ветеринардык мыйзамдарга ылайыктуу жерге көмүлдү.

Орловка шаарчасынын мэриясынын токтому менен малды жайыт комитети бөлүп берген жерлерге гана жайуу сунушталды. Комиссиянын чечими боюнча тиешелүү структуралык бөлүмдөргө лабораториялык анализ чыкканда, ошонун негизинде мыйзамдуу иш алып барууларын билдирген.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу