Аймак

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
16/12 10:53
 

Лейлектеги Аксуу айылына жаңы мектеп салынат

Лейлектеги Аксуу айылына жаңы мектеп салынат

Бишкек, 16-декабрь /Темирбек Алымбеков-Кабар/. Лейлек районундагы Аксуу айылынын Эгемендүүлүк орто мектебинин ордуна жаңы мектеп салынат. Бул тууралу “Кабар” агенттигине Баткен облустук капиталдык курулуш башкармасынын башчысы И.Айжигитов билдирди.

“Бул мектептин алдына салынган чатырча кардын калыңдыгынан көтөрө албай кулап калган. Аны Эгемендүүлүк орто мектебин бүтүрүүчүлөрү ашар жолу менен бүткөрүшүп, мектепке белек кылышыптыр”,- деди ал.
“Айта кетүүчү нерсе бул айылга 375 орундуу, үч кабат жаңы типтеги мектеп салынат. Анын долбоору мурда эле даяр болчу. Ушул айда, тагыраагы 23-декабрда тендер өткөрөбүз. Демек, Аксуу айылынын окуучулары жаңы мектепке ээ болушат”,-деди ал.

Кошумчалай кетсек Баткен облустук капиталдык курулуш Башкармалыгынын башчысы И.Айжигитовдун айтымында облус боюнча быйыл социалдык багыттагы он объект бүткөрүлүп ишке берилиптир. Анын ичинде 6 мектеп бүткөрүлгөн. Кадамжай райондук ооруканасынын бир блогу да ишке киргизилген.
“Каржылоо жагынан маселе болгон жок, республикалык бюджеттен, Жерүйдөн, Түркия кредитинен берилди”,-деди И.Айжигитов.

Эскерте кетсек, Лейлек районундагы Аксуу айылынын Эгемендүүлүк орто мектебинин алдына салынган чатырча кулап калып, анын алдында ойноп жүргөн 2-класстын окуучуларынын үчөөнүн буту сынып, бири катуу стресс алгандыгы, ал балдар Исфана аймактык ооруканасына жеткирилгендиги тууралуу маалымат ММКларга тараган.


“Кабар”-Пресс” мамлекеттик маалымат кызматы
 

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу