Аймак

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
28/04 15:20
 

Талас облусунда берилген кредиттин көлөмү 160 пайызга өстү

Талас, 28-апрель /Мухамеджан Суранчиев - Кабар/. Талас облусунда үстүбүздөгү жылдын 26-апрелине карата 985 дыйкан жана фермерлерге жалпы суммасы 284,9 млн сомдук үстөгү 10 пайыздык жеңилдетилген кредит берилди, же өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу айылдык товар өндүрүүчүлөргө берилген кредиттик ресурстардын көлөмү 160 пайызга жогору болгон.  

Облустагы өкүлчүлүктүн регионду өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Казыбек Медетбековдун билдирүүсүндө, берилген кредиттердин ичинен 199 дыйканга 33,9 млн сому талаачылыкты иштетүүгө берилсе, 209,8 млн 786 сому мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө таратылган. Таласта жеңилдетилген насыяларды берүү “Айыл Банк”, “РСК Банк”, “Залкар Банк”, “Бакай-Банк”, “Оптима Банк” жана “Кыргызстан Банк” акционердик коомдорунун Таластагы филиалдары тарабынан ишке ашырылып жатат.  

Бүгүнкү күндө жалпысынан жеңилдетилген кредиттерди алууга облус боюнча 1262 дыйкан жана фермерлер 467,6 млн сомдук кредиттерди алууга арыздарын жазышкан. Ал эми өкмөт тарабынан Таласка бөлүнгөн насыялардын жылдык каржылоо суммасы 483 млн 300 миң сомду түзөт. Бүгүнкү күндө таластык дыйкандар өкмөт бөлгөн кредиттин 58,8 пайызын алып коюшту, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 181,6 млн сомго арбын.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу