Аймак

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
28/04 10:55
 

Таласта жазгы талаачылык иштери күч алууда

Талас, 28-апрель /Мухамеджан Суранчиев - Кабар/. Таласта жазгы талаачылык иштери күч алууда. Облус боюнча 28-апрелге карата 7832 гектар күздүк эгиндин 90 пайызга жакыны минералдык жер семиртикичтер менен кошумча азыктандырылды. 18224 гектар жерге жазгы айдоо жүргүзүлүп, бул иш белгиленген графиктен алдыда болууда. Бул тууралуу Кыргыз Өкмөтүнүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн агрардык секторунун башчысы Абай Шатманов билдирди. 

Учурда кылкандуу дан эгиндерин, анын ичинен жазгы буудайды жана арпаны себүү иштери да жүрүүдө. 

Белгилей кетсек, облуста дан эгиндеринин үрөнү толук жетиштүү. Аймакта жашылча, май өсүмдүктөрүн, төө буурчакты себүү, картошка олтургузуу жаңы башталганы менен кант кызылчасын, бахча өсүмдүктөрүн себүү али баштала элек.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу