Аймак

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
26/04 14:22
 

Көк-Жаңгак шаардык билим берүү бөлүмүнүн башкы эсепчиси 12 жылга эркинен ажыратылды

Жалал-Абад, 26-апрель /Анархан Жаңыбаева-Кабар/. Сузак райондук сотунун чечими менен Көк-Жаңгак шаардык билим берүү бөлүмүнүн башкы бухгалтери 12 жылга, кассири 10 жылга эркинен ажыратылды. Ал эми билим берүү бөлүмүнүн башчысынын ден соолугуна байланыштуу анын иши өзүнчө соттук кароого бөлүндү.
МУККнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын жетекчиси Канжарбек Бокаевдин берген маалыматына караганда, Көк-Жаңгак шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери 2011-2013-жылдар аралыгында мугалимдерге жана бала бакчаларда иштеген тарбиячыларга берилген акчаны 2 эсеге көбөйтүшүп, ашыкча сумманы өз ара бөлүп жеп жүрүшкөн.
Мунун кесепетинен мамлекеттин казынасына - 11 млн 647 миң сомдук зыян алып келишкен.
«Ошондой эле, Майлуу-Суу шаардык мамлекеттик салык кызматынын инспектору А.Калбеков 50 миң сом пара менен кармалып, шаардык соттун чечими ага 4,5 млн сомдук айып салынган», - деди К.Бокаев.

 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу