Аймак

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
24/04 17:35
 

Баткен облусунда улуттар ортосундагы ынтымакка айрыкча көңүл бурулууда

Баткен облусунда улуттар ортосундагы ынтымакка айрыкча көңүл бурулууда

Баткен, 24-апрель /Кабар/. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Жеңиш Разаков Исфана шаарындагы “Шекерим” балдар билим берүү борборунда болду. Бул тууралуу өкүлдүн басма сөз кызматы билдирди. 

Жеке ишкер Хамза Салямов өз каражаты менен заманбап үлгүдөгү бардык шарттары бар борборду ушул жылдын январь айында бүтүрүп берген.

Бул борбордо окутуу тарбия иштери кыргыз жана орус тилдеринде өтөт. Эки кабаттуу балдар билим берүү борборунда 7 кызматкер бар жана балдардын ден соолугуна кам көрүүчү 1 медик айым иштейт. Борбордо 63 кыргыз-өзбек балдары тарбияланат.

“Бул жерде эки элдин балдары орус тилинде тарбия алып, улуттар ортосундагы ынтымакты чыңдоодо чоң салып кошуп жатат”, - деди өкүл борбордун ишине ийгилик каалап.
 

1 из 2
Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу