Аймак

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
24/04 10:50
 

Баткен облусунун дин кызматкерлери Тажикстанда болушту

Бишкек, 24-апрель /Эмилбек Момунов - Кабар/. Баткен облусунун казысы Юсуф Балтабаев, Лейлек районунун баш-имам хатиби Мухаммадкарим Матмуратов жана анын жардамчылары Тажик Республикасынын Согди облусунун дин кызматкерлери менен жолугушту. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандык дин кызматкерлери алгач Тажикстандын Ж.Расулов районунун акими Хакимзода Досмурадов менен жолугушту. Тараптар эки элдин ынтымагы менен достугун бекемдөө маселесин талкуулашты. 

Андан соң Согди облусунун Ходжент шаарында “Шайх Маслахаддин” мечитинде 2 элдин казылары жолугушуп, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы достук мамилени чыңдоо зарылчылыгын белгилешти. Согди облусунун казысы Хусейн Мусозода жана Баткен облусунун казысы Юсуф Балтабаев эки элдин диний аалымдарынын жолугушуусун, имамдардын билим деңгээлин биргелешип жогорулатуу жана тажрыйба алмашууну макулдашты. 
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу