Аймак

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
21/04 11:52
 

Жогорку Кеңештин профилдик комитеттери Баткен облусунда көчмө жыйын өткөрөт

Бишкек, 21-апрель /Кабар/. 21-22-апрель күндөрү Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитети жана транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитети Баткен облусунда көчмө жыйын өткөрөт.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, жыйындын жүрүшүндө депутаттар Ош-Баткен-Исфана авто жолунун курулушу жана Көк-Талаа - Пүлгөн аймагындагы авто жолунун 108-123-чакырымын калыбына келтирүүнү талкуулашат. Ошондой эле, аймактын 125-175км, 175-220 километрин калыбына келтирүү жана 7,2 млн доллар өлчөмүндөгү түркиялык насыянын каржылоосундагы Кадамжай районунун Бүргөндү айылындагы ирригациялык курулуштун долбоорун карап чыгышат.

22-апрелде парламентчилер Баткен аэропортунун оңдоо иштери менен таанышат жана КР ЖКнын эл аралык иштер боюнча комитети жана транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитети менен биргеликте Баткен облустук администрациясынын имаратында жыйын өткөрөт.

КР ЖКнын комитет мүчөлөрүн Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков, Кызыл-Кыя шаарынын мэри, Кадамжай районунун администрация башчысы, Баткен шаарынын мэри жана Транспорт министрлигинин өкүлдөрү коштойт.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу