Аймак

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
19/04 12:48
 

Нарындагы Жаштар ордосуна 1 жылда 5 млн сомдук инвестиция тартылган

Нарын, 19-апрель /Чынара Токтогулова-Кабар/. Мындай маалымат 18-апрелде вице-премьер-министр Эльвира Сариеванын Нарын жаштары менен жолугушуу учурунда айтылды.
Жаштар ордосунун директору Бакыт Эгенбердиевдин билдиргшенине караганда Жаштар ордосу эл аралык уюмдар менен иштешип, бир жылда 5 млн сом инвестиция тартып келишкен. Ошондой эле өткөн жылы 200дөй ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп, ага 18 миңдей жаштар тартылган.
Жолугушуу учурунда жаштар ордосунун имаратын министирликке өткөрүү, кароолчу, жыйнап тазалоочу кызматтардын айлык акысын, электр жарыгына болгон төлөмдү чечип берүү зарылдыгы бар экенин жана бардык жаштар уюмдарынын башын бириктирген Жаштар ордосун сактап калуу керектиги айтылды.
Ал эми Э.Сариева жаштардын ички туризмди өнүктүрүү, канаттуу ферма ачуу сыяктуу иш-аракеттерин баалап, мындай ишти башка облустарга жайылтуу керектигин белгиледи. Ошондой эле ал жаштардан көбүрөөк сунуштар болсо, жаштар саясатын ишке ашырууга өбөлгө болоорун айтып, сунуштарды күтө турганын билдирди.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу