Аймак

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
18/04 09:35
 

Жети-Өгүз районунда суу топтоочу жайларды тазалоого инвесторлор дагы кызыкдар

Каракол, 18-апрель /Кубан Мамбетов-Кабар/. Бул тууралуу Жети-Өгүз районундагы Светлая Поляна айыл аймагынын башчысы Жылкычы Мамытканов билдирди.Сугат суусунун тартыштыштыгынан улам аталган айыл аймагы боюнча эң кеминде 1000 гектарга чукул аянт түшүмсүз калып келген. Эми ал иш оң жагына чечилип, мындагы суткалык суу топтоочу бассейни толук тазалоодон чыгарылып жатат. Ага республикалык агробизнести өнүктүрүү борбору менен Кумтөр ишканасы биргелешип жардам көрсөтүшүп, пайдалануудан чыгып бара жаткан бассейнди калыбына келтирип беришти. Ага эми 30 миң кубометрге чейин суу сыйып, эң кеминде 605 гектар жерди сугарууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Анын жардамынан эле 622 үй-бүлө пайдалана алышат.

Бул жай 3 жумадан кийин пайдаланууга берилет.Ал эми Жети-Өгүз айыл аймагындагы Кабак айылында дагы жогоруда белгиленип өткөндөй демөөрчүлөр тарабынан суткалык суу топтоочу жайын ремонттоо жумуштары туташ жүрүп жатат. Район боюнча эми 1500 гектар жер аянты суу менен камсыз болмокчу.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу