Аймак

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
16/04 18:34
 

Аксыда «Жаштар мамлекеттүүлүктүн бекемдүүлгү үчүн!» аттуу сынак өткөрүлдү

Аксыда «Жаштар мамлекеттүүлүктүн бекемдүүлгү үчүн!» аттуу сынак өткөрүлдү

Жалал-Абад, 16-апрель /Анархан Жаңыбаева - Кабар/. Бүгүн Аксы районунда «Жаштар мамлекеттүүлүктүн бекемдүүлүгү үчүн!» аттуу сынак жаштар борборунда өткөрүлүп, ага мектеп окуучуларынан даярдалган атайын командалар катышты. Бул тууралуу Аксы районунун жаштар кеңешинин төрагасы Мирлан Сагынбаев билдирди.

Анын берген маалыматына караганда, аталган иш-чарага райондук мамлекеттик администрациядан, билим берүү, ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышты. Ошондой эле, бүгүн жаштар арасында чуркоо боюнча марафон өткөрүлүп, жеңүүчүлөр райондук спорт комитетинин ардак грамоталары, баалуу белектери менен сыйланышты.

КР Президенти тарабынан жарыяланган «Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына» карата Аксы районунун жаштары арасында ар түрдүү иш-аракеттер жүргүзүлүүдү. Ал эми райондук жаштар борбору тарабынан демилгеленип жаткан «Жаштардын ролу», «Жаштар биздин келечек» аттуу тегерек столдор өткөрүлүп, чыр-чатактарды болтурбоо, алдын алуу, улуттар аралык ынтымакты бекемдөө максатында семинар-тренингдер өтүп жатат.

«Мындан ары жакынкы күндөрү райондук мамлекеттик администрация, билим берүү, ички иштер бөлүмдөрү, спорт комитети, жаштар борбору менен биргеликте маданий-спорттук иш-чаралардын өткөрүлүүсү пландаштырлууда», - дейт М.Сагынбаев.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу