Аймак

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
07/04 17:49
 

Нарында Апрель окуясы эскерилип, курман болгондорго куран окулду

Нарында Апрель окуясы эскерилип, курман болгондорго куран окулду

Нарын, 7-апрель /Чынара Токтогулова - Кабар/. 7-апрелде Нарын шаарынын “Тянь-Шань” гүлбагындагы Апрель окуясында курман болгон баатырлардын эстелигинин алдында эскерүү иш-чарасы өттү. ЖКнын депутаты Чыныбай Турсунбеков үй-бүлөлүк башкаруу системасын кулатууда окко учкан балдардын, эмгеги каны акталып, өлкөдө бир катар иштер аткарылып жаткандыгына токтолду.  

Алардын бири катары Түндүк-түштүк альтернативалык жолунун курулушу, Жогорку Нарын каскаддарынын салына башташын, өлкөнү өнүктүрүү максатында беш жылдык стратегиялык программанын кабыл алынышы сыяктуу бир катар иштерди мисал катары келтирди. 

“Үй-бүлөлүк башкарууну кулатууда Нарын эли чоң эмгек сиңиргенин баалайбыз. Төрт жылда көп нерсе өзгөрдү. Башкаруу системасы өзгөрдү. Баатырлардын эрдиги эч качан унутулбай тарыхтан тарыхта калат. Бийлик курман болгон балдардын ошол кездеги эмгегин, алдыга койгон максаттарын актап иштөөгө аракет кылабыз”, - деди Ч.Турсунбеков.  

Ал эми “Апрель Баатыры” Бактыгүл Жумабаева бийликти сынга алып, жергиликтүү бийлик көңүл бурбай жаткандыгын жана жалган баатырлар көбөйүп жаткандыгын билдирди. “Төрт жылдан бери сот жообуна тартылган эч ким болгон жок. Биз бул бийликтен үмүт артканбыз. Күнөөлүлөр бүгүнкү күнгө чейин далилденбей акталып кетип жатат. Бийликтегилер жалган баатырлардын баарын аныктап чыккыла болбосо “Апрель Баатыры” деп берилген төш белгиңерди кайра өткөрүп беребиз”, - деди Б.Жумабаева.  

Ал эми апрель окуясында курман болгон Адилет Карасартовдун бир тууган таякеси Таалайбек Идирисов да эч ким жазаланбай жатканына нааразы экендигин билдирип, сот ишинде саясий оюн болуп атканын кошумчалады. Ошондой эле ал жабырлануучулар тараптын бир адвокаты болсо, жоопко тартылып жаткандардын 24 коргоочусу бар,-дейт.

 

1 из 2
Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу