Аймак

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
07/04 11:40
 

Ошто 7-апрель окуясынын курмандыктары эскерилүүдө

Ош, 7-апрель /Асанбек Каракозуев - Кабар/. 2010-жылдагы 7-апрель окуясынын курмандыктары Ош мэриясынын жана Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн жетекчилиги тарабынан эскерилип, иш-чарага 220 адам чакырылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Эскерүү иш-чарасы өткөрүлгөн күнү 7-апрелде каза болгондорду эскерүү менен алардын элесине арналып куран окулат. Тиешелүү укук коргоо органдары тарабынан коомдук тартипти сактоо боюнча чаралар көрүлүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин Ошто бир катар иш-чаралар өткөн. Атап айтсак, Ош мамлекеттик социалдык университетин окутуучулары 2010-жылдагы 7-апрелинде болгон окуялардын келип чыгыш себептерин, 1916-жылдагы төңкөрүш менен айырмачылыгы, бул окуяларга жаштардын көз караштары жана жалпы эле аталган окуяларга укуктук баа берүү максатында "7-апрель окуясына жаштардын коомдук жана укуктук көз караштары” илимий, аймактык, студенттик конференция уюштурган.

Иш-чарага катышкан Ош МУнун, Ош МСУнун жана Ош МЮИнин студенттери үчүн атайын секциялык отурумдар уюштурулуп, дүйнөлүк жана Кыргызстандын тарыхындагы төңкөрүш, бийлик алмашуулар тууралуу тарых жана укуктук темада студенттер тарабынан илимий баяндамалар окулган.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу