Аймак

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
07/04 10:33
 

6-апрелде Таласта апрель элдик революциянын 4 жылдыгына арналган иш-чаралар жогорку деңгээлде өттү

Талас, 7-апрель /Мухамеджан Суранчиев - Кабар/. 6-апрель күнү Талас облусунда апрель элдик революциясынын 4 жылдыгына арналган иш-чаралар жогорку уюшкандыкта өттү. Жалпы Талас эли, “Мекен шейиттери”, “Айкөл Ала-Тоо” коомдук уюмдарынын мүчөлөрү, апрель революциясынын катышуучулары таң эрте “Манас Ордо” комплексине барышты. Алар Айкөл Манас атабыздын арбагына зыярат кылышып, Талас шаарынын борбордук аянтында апрель революциясынын баатырларынын жаркын элесине арналып коюлган эстеликке гүл чамбарларды коюшту. Андан соң шаардын эс алуу паркындагы баатырлар аллеясындагы эстеликтерге гүл коюлуп, таазим этилип, ынкылапта шейит кеткен азаматтардын арбагына куран окутулуп, эскерүү митинг-реквиеми болду. 

Митинг реквиемге катышкан Кыргыз Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү өкүлү Койсун Курманалиева, Талас шаарынын мэри Анарбек Кушубеков, Жогорку Кеңештин депутаттары Өмүрбек Текебаев, Болотбек Шерниязов , революцияда кайтыш болгон баатыр жигиттердин ата-энелери шейит кеткен балдарды терең кайгыруу менен эскеришип, бул революциянын маани-маңызы, келечектеги орду жөнүндө сөз кылышты. 

“Куш учууга жаралган сыяктуу эле адам баласы эркин жана бактылуу жашоого жаралган. Апрель революциясынын да башкы максаты ушул эле. Бул сапар Кыргызстандагы жалпы элдик революциянын башаты Талас жергесинде болду. Талас жергеси апрель революциясынын карлыгачы, апрель революциясынын бешиги болуп калды”, - деп айтты облус жетекчиси Койсун Курманалиева.

2010-жылдын 6-апрелинде Талас эли электр энергиясына, телефон байланышына тарифтердин эбегейсиз жогорулашына, улуттун байлыгы болгон стратегиялык ишканалардын текейден арзан сатылышына, мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгынын тепселишине, конституциялык укуктардын бузулушуна, коррупциянын гүлдөп-өсүшүнө, үй-бүлөлүк башкаруунун караөзгөйлүгүнө жана ушул сыяктуу бышып жетилген көйгөйлөргө байланыштуу маселени курултайда талкуулоо үчүн келишкен жана аны ошол кездеги облустук бийликтен суранышкан. 

Бирок ошол кездеги бийлик жалпы элдин ой-тилегин, мүдөөсүн укпай, ал тургай ага каршы турууга бардык аракеттер жасалды. Бишкектен, республикабыздын башка аймактарынан кошумча күч түзүмдөрү, ОМОНдор, куралданган милиция кызматкерлери Таласка жөнөтүлүп, жүрөк үшүн алган вертолеттор облустун аймагын кыдырып жүрдү. Облус бийлиги курултай өткөрүүгө уруксат сурап келген эл менен жолуккусу келбей, элдин мыкты уулдарын камап, жалпы журттун кыжырын кайнатып, тынчтык жолу менен өткөрүлө турган курултай жалындаган революциянын учкунуна айланып, натыйжада журттун амири менен облус бийлиги жалпы элдин колуна тийди. 

Шейит кеткен революция баатырларынын жаркын элестерине арналып, митинг-реквием өткөн жерде автоматтык залп берилип, борбордук стадиондо кыдырыта тигилген боз үйлөрдө куран окутулуп, революциянын төрт жылдыгына арналып ар түрдүү спорттук оюнда уюштурулду. 

7-апрелде революциянын 4 жылдыгына арналган иш-чаралар Р.Алканов атындагы ата майданда улантылып, ал жерде кыз куумай, тыйтын эңмей, жорго салмай, ат чабыш, көк бөрү жана башка оюндар өткөрүлөт.

 

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу