Аймак

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
03/04 13:45
 

Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында онлайн-ресурстар боюнча тренинг өткөрүлдү

Бишкек, 3-апрель /Венера Акматова - Кабар/. Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында Тоң, Жети-Өгүз райадминистрацияларынын жана айыл өкмөттөрүнүн, жергиликтүү кеңештеринин кызматкерлери үчүн медиа-тренинг өттү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине «АВЕП» коомдук фондунун басма сөз катчысы Ариана Чолпонкадырова билдирди.

Анын маалыматы боюнча, тренингдин жүрүшүндө катышуучулар интернет менен иштөө, аймактагы абалды турукташтыруудагы жаңы медиалардын ролу, веб-сайттарды башкаруу жана анын контентин толтуруу тутуму менен таанышышты. Мындан тышкары, жергиликтүү бийликтин жарандарды социалдык тармактар аркылуу маалымдоо мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алышты. Тренингди жаңы медиа, веб-программалар боюнча адистер алып барышты.

Тренинг “АВЕП” коомдук фондунун “Кумтөр” компаниясы каржылаган “Карагат+” долбоорунун алкагында өткөрүлдү. 

“Мындай билимдерге ээ болуу онлайн-ресурстары аркылуу иштөөгө, убакытты үнөмдүү пайдаланууга жана бардык тармактар менен натыйжалуу кызматташууга шарт түзөт”, - деп белгиледи А.Чолпонкадырова. 
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу