Аймак

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
25/03 15:50
 

Талас облусунун Молдосан айылынын тургундары КР Президентине кайрылуу жолдошту

Талас облусунун Молдосан айылынын тургундары КР Президентине кайрылуу жолдошту

Бишкек, 25-март /Алтынай Мураталиева - Кабар/. Талас облусунун Молдосан айылынын тургундары КР Президентине кайрылуу жолдошту. Бул туурасында бүгүн “Кабар” агенттигиндеги басма сөз жыйынында КР Аксакалдар кеңешинин төрагасы Дөөлөтбек Шадыбеков билдирди.

Анын айтымында, Кара-Буура районундагы Молдосан айылынын мектеби 1969-жылы жер титирөөдөн жабыркап, анда убактылуу иретте жыгачтан окуу имараттары курулган. “Эки жыл мурда КР билим берүү жана илим министри жана ӨКМ башчысы келип, аталган имаратты колдонууга жарабастыгы тууралуу акты түзүп кетишкен. Бирок ошондон бери эч кандай иш-чаралар көрүлгөн жок, мектеп имараты эскилиги жетип, 4 класс болгондугуна байланыштуу үйлөрдө, бала-бакчаларда 370 бала 3 нөөмөттө сабак окуп жатышат. Балдар өлкө келечеги, эгерде биз жаш муундарга ушундай мамиле кылсак, кандай келечек тууралуу кыялданууга мүмкүн?”, - дейт аксакал.

Айылдын башка тургуну Кайрат Дархан уулу билдиргендей, буга чейин айылдыктар, айыл өкмөтү, губернатор, ЖК депутаттары жана премьерлерге кайрылуудан чарчады. 

15 жылдан бери капиталдык салым каралуучу обьектин тизмесинде болгондугуна карабастан, мектеп куруу иши создуктурулуп келүүдө. Учурда элдин чыдамы кетти. Биз көпчүлүктүн атынан КР Президентине бул маселеге көңүл бурууну өтүнөбүз жана кайрылуу жолдойбуз. 

Биз 19-кылымдагыдай шартта бала окутпастан, 21-кылым талабына жооп берип, өлкө келечегине кызмат кылууга жөндөмдүү муунду тарбиялоого милдеткербиз, ага мамлекет тараптан тийиштүү мамиле жасалышы зарыл”, - деди ал.
 

Видео
Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу