Аймак

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
01/03 13:36
 

Чаткал районунун жаңы конуштарына электр мамыларын орнотуу маселеси чечилүүдө

Жалал-Абад, 1-март /Анархан Жаңыбаева - Кабар/. Чаткал районунда жаңы конуштарга электр энергиясын жеткирүү маселесин чечүү үчүн жаңы конуштардагы талапка жооп бербеген ар кандай мамылардын ордуна Чаткал өрөөнүнүн жогорку жагындагы Чанач аймагынан карагайларды тартып келип, жаңы конуштарга электр мамы катары пайдалануу маселеси каралууда. Бул тууралуу райондун акими Канжарбек Эшалиев билдирди.
Анын берген маалыматына караганда, бул ишке уруксат алуу үчүн КР Токой чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо агенттигине райондук мамлекеттик администрациядан кат жөнөтүлдү. Маселе оң жагына чечилип калса, жаңы конуштарга талаптагыдай электр энергиясын жеткирүү колго алынат. Райондо жыл сайын электр энергиясын пайдалануучулардын саны өсүп жаткандыктан улам, эскилиги жеткен электр чубалгылары чыңалууну көтөрө албай үзүлүп, электр жарыгы үзгүлтүккө учурап жатат.
«Райондун Курулуш жана Ак-Таш айылдарына кеткен электр чубалгыларын өз-өзүнчө бөлбөсө, кыштын ызгаар мезгилинде жарык өчүп калып, натыйжада, эл кыйналууда. Мунун кесепетинен аталган айылдагы «С.Мырзалиев» орто мектебинин жылытуу түтүктөрү тоңуп, жарылып кеткен учурлары да болууда. Ошол себептен, чыңалууну азайтуу үчүн аталган эки айылга кеткен электр чубалгыларын өз-өзүнчө бөлүү зарылчылыгы келип чыгып жатат. Бул боюнча эл менен жолугушуу учурунда белгилүү болуп, тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди», - дейт район акими К.Эшалиев.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу