Аймак

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
26/02 10:10
 

Талас облусундагы элдик жыйындарда сугат сууну убагында алуу, суу каналдарын тазалоо маселелери көтөрүлүүдө

Талас, 26-февраль /Мухамеджан Суранчиев - Кабар/. 25-февралда облустун бардык айыл аймактарында элдик жыйындарды өткөрүү башталды. Алгач, кечээ элдик жыйындар Талас районунун Көк-Ой, Бердике баатыр, Бакай-Ата районунун К.Акназаров, Шадыкан, Кара-Буура районунун Бакыян, Бейшеке айыл аймактарында болуп, ага Кыргыз Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Койсун Курманалиева, анын орун басарлары Байыш Жуманазаров, Рыскелди Ботиков жана башка коллегия мүчөлөрү катышты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Уланбек Жетигенов билдирди.

Болуп өткөн элдик жыйындарда аталган айыл аймактарынын башчылары өткөн 2013-жылдагы аткарган иштери жөнүндө эл алдында отчет беришип, быйылкы аткарыла турган иштердин пландары бекитилүүдө. Жыйындарга катышкан калк негизинен сугат сууларын убагында берип туруу, суу келүүчү каналдарды жана лотокторду оңдоого жардам берүү, дыйкандарды арзан баадагы минералдык жер семирткичтер менен камсыз кылуу маселелерин коюп жатышат.

Ушул он күндүк кыска мөөнөттүн ичинде облустун бардык 37 айыл аймактарында элдик жыйындар болуп өтүп, ага катышкан адамдар жазга даярдыктын жүрүшү боюнча сөз болууда.

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу