Аймак

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
14/02 18:12
 

Ноокат районунда экономикалык туруктуу өнүктүрүү боюнча тегерек стол болуп өттү

Бишкек, 14-февраль /Кабар/. Бүгүн Ноокат районунун мамлекеттик администрациясындагы ресурстук борборундагы GIZ KG уюумунун “Ноокат районунун экономикасын туруктуу өнүктүрүү” деген теманын үстүндө тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациясынын басма-сөз катчысы билдирди.

Тегерек столго Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын 1-орун басары Дүйшөев Мамадалы, GIZ KG Германия кызматташтыгынын Ош облусундагы координатору Азамат Касымов, Ноокат районунун аймагындагы жеке ишкерлер, чакан ишканалардын жетекчилери, айрым кооператив башчылары катышты.

М. Дүйшөев бул иш-чара райондун акими тарабынан жарыяланган эл аралык уюмдар менен кызматташуу жана ички ресуртардын пайдаланууну күчөтүү жылынын алкагында өткөрүлүп жаткандыгын, бүгүнкү күндө ички ресуртарды колдонуу менен айыл ичинде чакан иш-каналарды ачуу жана алардын туруктуу иштеп кетүүсүнө багыт берип туруу зарыл экендигин белгиледи.

GIZ KG нын ош облусундагы координатору А. Касымов бул иш-чараны уюштуруудагы бирден бир максат Ноокат районунун аймагында экономикалык жактан өнүгүүсүнө салым кошо турган ишкерлердин башын бириктирип аларды иштеринде зор ийгиликтерди жаратуусу үчүн, аларга долбоорлор менен иштөөсү үчүн аларга долбоорлорду жазуу боюнча окуларды уюштуруу зарылдыгы бар экендигине токтолду.

Жыйынтыгында тегерек столдун катышуучулары район аймагындагы чыгаан ишкерлерди жана мамлекеттик кызматкерлерди, ошондой эле миграцияда жүрүп отурукташып калган жердештердин катышуусу менен атайын форум уюштуруп, алардын жардамы менен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча тегерек столду уюштурула турган болду.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу