Аймак

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
01/02 12:15
 

Быйыл Ысык-Көлдө кир сууларын куючу жайлары капиталдык ремонттон өткөрүлбөсө иштөөгө уруксат берилбейт

Каракол, 1-февраль /Кубан Мамбетов-Кабар/. Ысык-Көл районундагы Чоң-Сары-Ой айыл аймагына караштуу курорттук комплексте 33 эс алуу жайынын быйылкы жылга карата даярдыгы жылдагыдан кыйла эрте башталды.

Бул тууралуу Ысык-Көл, Тоң райондору, Чолпон-Ата жана Балыкчы шаарлары боюнча экотехникалык инспекциясынын начальниги Таалай Карасартов маалымдады.

Анын айтымында 2014-жылдын эс алуу сезонуна даярдыктар май айына карата толук бүткөрүлүшү керек. Жылда болсо бул иш апрель айынын акырында гана башталчу.

Көпчүлүк эс алуу жайларындагы абал жакшы эмес. Мисалы, Кош-Көл жана Чоң-Сары-Ой курорттук комплекстеринин көбүндө ыпылас сууларды чыпкалоочу жайлары жок. Болсо дагы эскирип бүткөн, же кошуна эс алуу жайлары менен жармакташып иштешет.

«Кыргыз-Таңы», «Ак-Жол» жана башка эс алуу жайларында канализациялык жайлары жок. Ыпылас суулар жерге эле сиңип кетет. Ал эми Тамчы айылына бир эле учурда 1000 адамдан арбын эс алуучулар келишет. Айыл көл жээгинен анча алыс эмес жерде жайгашкан. Жеке менчик ээлери болсо ыпылас сууларды куючу жеңил-желпи жайларды гана куруп алышкан.
Ыпылас сууларын куючу жайлары капиталдык ремонттон өткөрүлбөсө быйыл иштөөгө уруксат берилбейт.

 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу