Аймак

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
16/01 17:11
 

Депутат Б.Шаршеев: ”Бишкек-Нарын-Торугарт авто-жолун салуудан мурда Нарын суу түтүктөрүн которуп алуу талапка ылайык”

Бишкек, 16-январь /Алтынай Мураталиева-Кабар/. Бишкек-Нарын-Торугарт авто-жолун салуудан мурда Нарын суу түтүктөрүн которуп алуу талапка ылайык. Бул туурасында бүгүн парламенттик жыйында депутат Бакыт Шаршеев билдирди.
Учурда шаардагы суу түтүктөрү күнүнө 2-3 жерден жарылууда. Жогорудагы жолду салууда Нарын шаары боюнча 10 км жол салынат экен. Эгерде анын астындагы эскирген суу түтүктөрү жарылса жаңы жолдорду талкалоого туура келет. Ал эми Нарынсуу ишканасынын материалдык-техникалык абалы начар, суу түтүктөрүн оңдоого көп каражат талап кылынууда.
Бул маселе боюнча шаардыктар бир нече ирет Президентке кайрылуу болгон, бирок маселе чечилбей келүүдө”, - деди ал.

 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу