Аймак

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
13/01 09:15
 

Талас облусунда 2014-жылы 20 айылга таза суу түтүктөрү тартылат

Талас, 13-январь /Мухамеджан Суранчиев - Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн регионду өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Казыбек Медетбековдун билдирүүсүнө караганда, быйыл 2014-жылы облус боюнча 20 айылда таза суу менен камсыз кылуу тутуму оңдолот.

Бул иштерди аткаруу үчүн республикалык бюджеттен 24 млн 300 миң сом каралууда. Тактап айтканда, Талас районунан 4 айылдын, Кара-Буура районунан 5 айылдын, Манас районуан 6 айылдын, Бакай-Ата районунан 5 айылдын эли үчүн тартылган таза суу түтүктөрү, суу чорголору кайрадан оңдолуп, жаңыланып, тийиштүү жерлерге суу чыгаруучу жаңы насостор коюлат. 

Анын ичинде облустун алыскы айылдары болуп эсептелген Бакайыр, Шекер, Талды-Булак, Арал, Кызыл Жылдыз айылдары да бар.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу