Аймак

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
10/01 11:34
 

ӨКМ: Чүй районунда “Чу” дарыясында муз тоңуп, суу жолду жана үйлөрдү каптап жатат

Бишкек, 10-январь /Кабар/. Мурун маалымдалгандай, 10-январда Чүй районундагы “Чу” дарыясында муз тоңуп, жээгинен ашып “Красный строитель” дачасындагы жолду суу каптай баштаган. Азыркы учурда 5 үйдү суу каптап жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жээктерди бекемдөө иштерине 1 самосвал, 1 жүктөгүч, 4 адам, Чүй райондук суу чарбасынан 1 жүктөгүч, Токмок шаардык “Куткаруу кызматынан” 5 куткаруучу, Чүй облустук чек ара кызматынан 5 адам жана жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылып, суу каптоонун кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүүдө.

Сайлык айыл аймагынан 100 литр, Токмок шаардык мэриясынан 60 литр күйүүчү май бөлүнүп берилди, ӨКМдүн Токмок шаардык бөлүмүнөн суунун жээгин тозууга 200 кап бөлүндү.

Өзгөчө кырдаалды жеринен байкоого жана иш жүргүзүүгө ӨКМдүн Чүй облусунун башкармалыгынан ыкчам топ чыгып кетти.

 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу