Аймак

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
28/12 15:59
 

Ош шаарында 33%га жакын абонентке электрондук эсептегичтер коюлду

Ош, 28-декабрь. /Асанбек Каракозуев – Кабар/. Ош шаарында 375 миңден ашык абонент болсо, анын 121 418ине, электрондук эсептегичтер орнотулду. Бул тууралуу Ош электро ААКсынын маалымат катчысы Талгат Алиханов билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүч 32,30 пайызды түздү.
“Бул жабдыктарды орноткондон кийин электр энергиясынын жоготуулары үч пайызга кыскарган. Жоготуулар көпчүлүк учурда электр жабдыктарынын эскилигинен улам болуп жаткан”,-деди Т.Алиханов.
Ал кошумчалагандай, техникалык жоготууларды алдын алуу үчүн төмөнкү чыңалуудагы трансформаторлорду орнотууну пландаштырылууда.
Учурда электрондук эсептегичтер Ош шаарынын Манас-Ата, Ак-Тилек, Кулатов кичи райондорунда жана Зайнабидинов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдөгү абонеттерге коюлуп жатат.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу