Аймак

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
21/12 17:31
 

Ошто өз алдынча азык-түлүк бааларын көтөрүп алгандар айыппул төлөшөт

Ош, 21-декабрь. /Асанбек Каракозуев – Кабар/. Ош шаарынын мэриясы монополияга каршы жана жөнгө салуу агенттигине атайын тийиштүү топ түзүп, майрамга карата азык-түлүктүн бааларынын кескин жогорулоосун алдын алуу тапшырмасын берген. Бирок аталган агенттиктин жетекчилиги базар экономикасында баа саясатын көзөмөлдөй албай тургандыктарын айтышууда. Ошентсе да, кымбаттоону алдын алууга аракеттер көрүлүп жатканын Ош шаардык монополияга каршы жана жөнгө салуу агенттигинин башчысы Арзыбек Жунусов билдирди.
Ал эми Ош шаарындагы азык-түлүк сатуучулардын айтымдарында, жаңы жылдык кымбаттоолор алда качан эле башталган.
“Азыр азык-түлүктөр кымбат баада келе баштады. Аны товар өндүрүүчүлөр жасап жатышат да”,-дейт сатуучу Зубагүл Калилова.
Ошто мэрия менен эт сатуучулар койдун этин 320 сомдон, ал эми уйдун этин 310 сомдон өткөрбөйбүз деген келишими бар. Азырынча ушул баа сакталып турат. Бирок шаардан сырткаркы жерлерде этке болгон баа 5-10 сомго кымбаттап кеткен. Булар тууралуу А.Жунусов билдирди.
Мэриядан билдиришкендей, азык-түлүктөрдүн кымбаттоосун алдын алуу максатында инфляциянын жогорулоосуна жол бербөөгө аркетин жасап жатышат жана өз алдынча бааларды көтөрүп алгандар айыппул төлөшөт.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу