Аймак

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
21/12 16:21
 

Жалал-Абад облусунда жалпысынан 88 миң 701 тонна көмүр камдалган

Жалал-Абад, 21-декабрь /Анархан Жаңыбаева - Кабар/. Жалал-Абад облусунун калкына 2013-2014-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүүдө шарттуу отунду кошкондо 1-декабрга карата жалпысынан 142 миң 416 тонна көмүр отун камдалган, же керектүү көлөмдүн 98,4 пайызын түзгөн. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Нурбек Женалиев билдирди.

Анын берген маалыматына караганда, анын ичинен 88 миң 701 тоннасын таза көмүр, 53 миң 715 тоннасын шарттуу отун түзгөн. Калкка көмүр камдоого ыңгайлуу шарттарды жаратуу максатында бүгүнкү күндө облустун аймагында жалпысынан 103 көмүр сатуу түйүндөрү иштөөдө жана алардагы көмүрдүн орточчо баасы 2 миң - 5 миң сомду түзүүдө.

“Үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрына карата облустун билим берүү тармагынын 646, салматтыкты сактоонун 186 обьектилеринин отканалары жана жылытуу системалары даярдалып, тапшырма 100 пайызга аткарылган. Ошондой эле, билим берүү трамагынын обьектилерине – 11 миң 410 тонна, саламаттыкты сактоо обьектилерине – 1948,5 тонна көмүр камдалды”, - дейт Н.Женалиев.

 


 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу