21.12.2013, 14:45

Жалал-Абад облусттук бассейиндик суу чарба башкармасына Түрк мамлекетинин кредитинен 41 даана техника берилген

Жалал-Абад, 21-декабрь /Анархан Жаңыбаева - Кабар/.Үстүбүздөгү жылы Түрк мамлекетинин кредити аркылуу Жалал-Абад облусттук бассейиндик суу чарба башкармасына жалпы 41 даана атайын техникалар алынган. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу секторунун башчысы Абдикамал Суяров билдирди.
Анын берген маалыматына караганда, алынган техникалардын ичинен 8 даана дөңгөлөктүү экскватор, 1 даанадан казтамандуу экскватор, бульдозер, 10 даана портер, 5 даана 25 тонналык «ХОВО», бир даана автокран, 8 жүктөгүч жана 7 даана ширетүүчү «САК» аппараты берилген.
«Аталган техникалардын жардамы менен суу чарба тармагында көп жылдардан бери келе жаткан көйгөйлөрдү жоюуга, ички жана тышкы каналдарды тазалоого бир топ шарттар түзүлдү», - дейт А.Суяров.