Аймак

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
04/12 12:49
 

2 жыл аралыгында Жалал-Абад шаары 90%га таза суу менен камсыз болмокчу

Бишкек, 4-декабрь /Кабар/. 4-декабрда Жалал-Абад шаардык мэриясында шаар тургундарын таза суу менен камсыздоо боюнча коомдук угуу болуп өттү.Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Мэриянын долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн жетекчиси Садыр Айтбаевдин айтымында таза суу менен камсыз кылуу максатында суу каналдарын куруу боюнча коомдук угуулар жүрүүдө.

“Европа калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкы тарабынан каржылоого алынган, “Ош жана Жалал-Абад шаарларында Таза суу жана саркынды суу системаларын калыбына келтирүү” долбоорунун негизинде ишке ашырып алсак, анда шаарыбызда таза суу боюнча бир кыйла жеңилдиктер болот.

Бул долбоордун суммасы 7млн АКШ долларын түзөт. 2014-жылдын биринчи айынан негизги иштер башталат. Долбоордун жыйынтыгы менен Жалал-Абад шаары 90%га таза суу менен камсыз болот, долбоор 2014-2015-жылдарда толугу менен аягына чыгат”-деп билдирди С. Айтбаев.

 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу