Аймак

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
02/11 10:29
 

Ошто Россиядагы мигранттарды кысымга алууга каршы митинг болот

Ош, 2-ноябр, /Асанбек Каракозуев – Кабар/. Россия Борбор Азияда мамлекеттеринен барып иштеп жаткан мигранттарды депортациялап жатканына каршы митинг өтүүсү пландалууда. Бул тууралуу “Кыргыз Журтум” коомдук фондунун жетекчиси Сапаргүл Бердалиева билдирди.
Каршылык акция Ош шаарындагы Россия консулдугунун алдында дүйшөмбү, 4-ноябрь күнгө белгиленген. Азырынча бул иш-чара тууралуу расмий бийлик органдарына билдирүү бериле элек. Бирок кат жөнөтүп туруп анан баштала турганын Бердалиева кошумчалады.
“Россия мигранттарга көрсөткөн кысымын токтотпосо, биздин бул талабыбызды орус бийликтерине жеткиришпесе, Оштогу консулдукту өлкөдөн чыгаруу талабын коебуз”,-деди С.Бердалиева.
Буларга кошумчалап: “депортацияланып келген кыргызстандыктар, Россия бийлигине капа болуп жатышат, мындан кандайдыр бир чатак чыгып кетпейт деп эч ким кепилдик бербейт”,-деди ал.
“Улуу Ата мекендик согушта Москваны Орто Азиялыктар да коргоп, курман болушкан. Аны унутуп калыштыбы? А орустар Европага кетип атат, аларга эч ким тийбей эле турат го. А Кыргызстанда деле эммигранттар толуп атат, биздегилер деле тийишпей эле турушат. Салыштырып, туура чечимге келишсин”,-деди С.Бердалиева.
Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына таянсак, жыл башынан бери 950 кыргызстандык Россиядан депортацияланган.


 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу