Аймак

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
23/10 15:01
 

Депутат С. Нышанов: “Бишкек-Торугарт жолунун астында жайгашкан суу түтүктөрү асфальт төшөлгөнгө чейин алмаштыруу керек”

Депутат  С. Нышанов: “Бишкек-Торугарт  жолунун  астында  жайгашкан  суу  түтүктөрү  асфальт  төшөлгөнгө  чейин  алмаштыруу керек”

Бишкек, 23-октябрь /Кабар/. Бишкек-Торугарт жолунун астында жайгашкан суу түтүктөрү асфальт төшөлгөнгө чейин алмаштырылбаса, мамлекет чоң чыгымга дуушар болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы Сайдулла Нышанов Нарын шаарында өткөн көчмө жыйынында билдирди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Тээ совет мезгилинде салынган бул суу түтүктөрү “жүз жеринен” тешилип, шаар калкына баргычакты эле суу ар кайсы жерден жарып чыгып, шаар элине толук жетпей калууда. Нарын шаардык “Суу канал” ишканасынын директору Гүлайша Бактыбаеванын айтымында, суу түтүктөрүндө күнүгө 6-7 аварияга учурайт. 

Сайдулла Нышанов курулушу кызуу жүрүп жаткан Бишкек-Торугарт жолунун бул тилкесине асфальт төшөлгөнгө чейин, бул тилкенин астындагы суу түтүктөрүн алмаштыруу максатка ылайыктуу дейт. Анын айтымында, эгер аталган кан жолдун бул тилкесине асфальт төшөлүп, андан кийин кайра суу түтүктөрүн алмаштыруу башталса, мамлекет чоң чыгымга дуушар болот.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу