Аймак

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
22/10 18:33
 

Нарын шаарындагы ыплас сууларды тазалоочу жайдын тазалоо кубаты 30%ды гана түзөт

Нарын, 22-октябрь /Чынара Токтогулова-Кабар/. “Учурда эскилиги жетип, тазалоонун эффективдүүлүгү 30-35 пайызды гана түзөт. Бул жайдын долбоордо каралган өткөрүмдүүлүгү суткасына 6 миң метр куб деп эсептелсе, бүгүнкү күндөгү суткалык өткөрүмдүүлүгү 2400 метр кубду түзөт”,-дейт Нарын шаарынын вице-мэри Алмаз Суранов.

Лабараториялык анализдер жума жана квартал сайын жүргүзүлүш керек, бирок тиешелүү лабараториялык жайдын жана жабдуулардын жоктугунан бул иш-чаралар жүргүзүлбөйт. Нарын шаарында абаны булгоочу ишканалар 10 дан ашык май куйуучу жайлар жана 2 от казан болуп эсептелинет.

Ал эми таштандыларды чыгаруу жана төгүү үчүн Карга-Жайлоодон 6 гектар жер бөлүнүп берилген. Бул жайга айлана чөйрөнү булгабоо максатында 180 миң сом бөлүнүп, таштанды төгүүчү жайдын айланасы корулган жана жергиликтүү бюджеттен 300 миң сом бөлүнүп, 1,2 гектар жер рекультивацияланды,-деп кошумчалады вице мэр.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу