Аймак

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
22/10 17:35
 

Нарын шаарынын калкынын 65%ы гана таза суу менен камсыз болгон

Нарын, 22-октябрь /Чынара Токтогулова-Кабар/. Бул тууралуу маалыматты Нарын шаарынын вице-мэри Алмаз Суранов ЖКнын депутаттарынын көчмө жыйынында билдирди. Анын айтымында Нарын шаарынын 24 миң 500 калкы, башкача айтканада 65 пайызы ичүүчү таза суу менен камсыз болгон.

Шаар ичиндеги суу түтүктөрүнүн 80 пайызы 50-60-жылдары курулгандыктан күн сайын 2-3 жерден жарылуулар болуп турат. Нарын суу канал ишканасынын техникалары 70-жылдары алынгандыктан эскилиги жеткен. Аларды жаңыртууга ишкананын каржылык абалы жетишпейт. Учурда ишканага техникалар керек.

“Шаардын 15 чакырымдай таза суу жете элек аймактарына суу тартуу курулушуна 70 млн сом талап кылынат, бул долбоорлор ишке ашса 15 миңдей калк таза суу менен камсыз болмокчу”-дейт А.Суранов.

Ал эми АРИС программасынын алкагында “Теке-Секирик” суу алуучу жайы 18 млн сомго курулса, Ага Хан фондусунун колдоосу менен “Төш-Булак” аймагына таза суу тартылып 7-8 суу алуучу колонка орнотулган. Мындан сырткары АРИС программасы аркылуу “Батыш” суу алуучу жайына жалпы наркы 37 млн сомдук курулуштар жүрүп жатат, бул аяктаса жана башка да долбоорлор ишке ашса калктын 95 пайызы же 40 миңге чукул калк ичүүчү таза суу менен камсыз болмокчу.

Белгилей кетсек Нарын шаарында жалпы кубаттуулугу 7,26 миң метр куб суткалык өндүрүштөгү 3 суу алуучу жай жана 104 колонка бар.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу