Аймак

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
22/10 17:30
 

Нарын шаарында Жогорку Кеңештин 2 комитетинин көчмө жыйыны өттү

Нарын, 22-октябрь /Чынара Токтогулова-Кабар/. Бүгүн Нарын шаарында Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин, регламент жана депутаттык этика боюнча комитетинин көчмө жыйыны өттү.

Жыйында шаар калкын ичүүчү суу менен камсыз кылуу, шаардын экологиясы, ЖКнын жана жергиликтүү өкүлчүлүкк органдар аралык кызматташуу жөнүндөгү меморандумдун долбоору талкуланды.

Көчмө жыйында шаардын вице-мэри Алмаз Суранов баяндама жасады. Жыйынга катышкан Нарын шаардык кеңештин депутаттары калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу донорлордун жардамы менен чечилип жатканы менен ага көзөмөл болбой жатканын, жолдор ремонттон өткөнү менен анын алдындагы суу түтүктөрүнүн эскилиги жетип жарылып жатканын баса белгилешти.

Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана суу берүүнү өнүктүрүү департаментинин деректири Аскар Токтошев Нарын шаарында кир сууларды тазалоочу жайды курууга 380 млн сом керектелет. Бул маселе жана Нарын шаарынын калкын таза суу менен камсыз кылуу маселелери мамлекеттик программага киргизилген,-дейт.

Ал эми ЖКнын депутаты Айнуру Алтыбаева буга чейин таза сууга эбегейсиз каражаттар бөлүнүп, көзөмөлдүн жоктугунан желип кеткенин жана шаарда учурда суу түтүктөрү алмашылып жаткан курулуштарды атайын комиссия түзүп көзөмөлгө алып туруу керек, дейт. Шаардын ыплас сууларды тазалоочу жайын курууга суралып жаткан каражатты 2014-жылдын бюджетине киргизгенге аракет кылабыз,деп кошумчалады эл өкүлү.

Жыйын соңунда эл өкүлдөрү Кумтөр, жол, бийик тоолуу калкка төлөнүп келген 50 пайыздык жеңилдик, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге үй чечип берүү сыяктуу бир катар маселелерди талкуулашты.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу