Аймак

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
19/10 12:04
 

8 айда Талас облусунун тышкы соода жүгүртүүсү 710 млн. 595,4 миң сомду же 14 млн. 770 миң АКШ долларын түздү

Талас, 19-октябрь /Мухамеджан Суранчиев-Кабар/. 2013-жылдын январь-август айларында Талас облусунун алыскы жана жакынкы өлкөлөр менен болгон тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү жекече жактардын импорттук-экспорттук операцияларын эске алганда 710 млн. 595,4 миң сомду же 14 млн.770 миң АКШ долларын түздү. Бул тууралуу Экономика министрлигинин Түндүк аймактык башкармалыгынын Таластагы бөлүмүнүн башчысы Теңирберди Акматов маалымдады.
Анын ичинен импорттун көлөмү 85 млн. 163 миң сомду түзүп, облуска негизинен айыл чарба машиналары, жабдыктар, күйүүчү-майлоочу майлар, химия өнөр жайынын продукциялары алынып келинген.
Ошол эле учурда экспорттун көлөмү 625 млн.431 миң сомду түзүп, таластыктар чет өлкөлөргө негизинен төө буурчакты, жашылча-жемиштерди, мал чарба продукцияларын сатышкан. Экспорттук өнөктөштөр негизинен Түркия, Болгария, Орусия, Казахстан жана Кытай өлкөлөрү болду.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу