Аймак

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
12/10 18:03
 

Майлуу-Суу шаарында канализациянын кир суулары түз эле дарыяга кошулган учурлар бар

Жалал-Абад, 12-октябрь /Анархан Жаңыбаева - Кабар/. Майлуу-Суу шаарынын ортосунда жайгашкан №5,39, Кул-Азык канализациялык насос станциялары (КНС) ар кандай себептер менен иштебей калып, саркынды суулары түз эле Майлуу-Суу дарясына кошулган учурлары да шаарда ич-келте оорусунун көбөйүп кетүүсүнө себеп болууда.

КР өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Гүлзат Ашированын берген маалыматына караганда, шаар калкы 22 миң 911 киши жана алардын 90 пайызы суу түтүкчө аркылуу таза ичүүчү суу менен камсыз болгон. Ал эми шаарга караштуу Көк-Таш айылында суу түтүкчөнүн жоктугунан суу элге транспорт аркылуу ташылып берилет.


 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу