Аймак

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
12/10 14:26
 

Майлуу-Суу шаарына караштуу Көк-Таш айылындагылар дарыя суусун пайдаланышат

Жалал-Абад, 12-октябрь /Анархан Жаңыбаева - Кабар/. Майлуу-Суу шаарына караштуу Көк-Таш айылында суу түтүкчөлөрүнүн жоктугунан ал жердин тургундары жыл бою ичүү жана турмуш-тиричиликтери үчүн да Майлуу-Суу дарыясынын суусунан пайдаланышат. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Гүлзат Аширова билдирди.

Анын берген маалыматына караганда, Майлуу-Суу шаарында 2013-жылдын ушул мезгилине чейинки катталган 16 оорулуунун 11и Көк-Таш поселогунун тургундарынын эсебинен катталган (69%). Бул жердин тургундарынын арасынан көп катталгандыгынын экинчи бир себеби ал жердин тургундары үчүн жыл бою суу ташып берүү жагы мэрия тарабынан чечилбей келгендигинде. Көк-Таш поселогуна курулган суу түтүкчөсү көп жылдардан бери иштебей калган. Ал эми ал жерге суу түтүкчөсүн жаңыдан куруп берүү боюнча акча каражат жагы чечилбей келүүдө.

«Бул оорунун негизги үчүнчү себеби болуп, 1992-1998-жылдары Кара-Жыгач поселогунда көчкү жүрүп, 7 км аралыктагы канализация иштен чыккан, бирок ушул мезгилге чейин кайрадан калыбына келтирилбеген. Ошол себептен Сары-Бээ поселогундагы көп кабаттуу үйлөрдөн чыккан чыгынды суулар эч кандай тазаланбастан туруп Майлуу-Суу дарыясына кошулуп жаткандыгында. Бул маселени да чечип берүү да мезгилдин талабы деп ойлойбуз», - дейт Г.Аширова.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу