Аймак

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
09/09 09:48
 

Талас районунун Үч-Эмчек айылына жалпы узундугу 14 км жерге суу түтүгү жаткырылып, 59 суу алуучу колонка орнотулду

Талас, 9-сентябрь /Мухамеджан Суранчиев-Кабар/. Учурда Талас районунун Үч-Эмчек айылында суу топтоо курулмаларын реабилитациялоо жана суу түтүктөрүн жаткыруу боюнча иштер жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө аталган айылдын 82 пайыз жашоочулары таза суу менен камсыз болгон. Бул тууралуу Талас райондук мамлекеттик администрациясынын сектор башчысы Бакирдин Бараков билдирди.

Бул иштерди аткарууга АРИС программасы 29 млн 336 миң сом каржылап, жалпы узундугу 14 км болгон жерге суу түтүктөрү жаткырылып, 59 суу алуучу колонкалар орнотулуп, сырдалган.

Ошондой эле бул жерде санитардык нормаларды сактоо иретинде сууну хлордоочу идиштер орнотулуп, жугуштуу ооруларга каршы дезинфекциялык аракеттер көрүлгөн. Бүгүнкү күндө Талас районунун Рыспек Айдаралиев атындагы, Бакай-Ата районунун “Ынтымак” айыл округдарында таза суу келүүчү чорголорду жана суу түтүктөрүн реабилитациялоо иштери жүрүп жатат.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу