Аймак

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
05/09 08:44
 

К.Муратбеков: “Нарын облусу жакынкы 5 жылда дотациядан чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүгү бар”

  К.Муратбеков: “Нарын облусу жакынкы 5 жылда дотациядан  чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүгү бар”

Нарын, 5-сентябрь /Чынара Токтогулова-Кабар/. Нарын облусу 87-90 пайыз дотацияда турса, азыр ал 84 пайызга түшкөн. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлү Канатбек Муратбеков “Теңир-Тоо” гезитине берген маегинде билдирген.

Анын маалыматында облустун бир жылдык бюджети буга чейин 600 млн сомдон ашык болсо, бүгүнкү күндө 1,5 миллиардка жеткен. “Ишибиз илгерилеп мындай темп менен жүрүп отурсак буюрса беш жылда дотациядан чыгып кетүүгө толук мүмкүнчүлүктөр бар”,-деп билдирген К.Муратбеков.

Анын айтымына караганда Нарын дарыясына Жогорку Нарын коскадынын “Ак-Булуң”, “Нарын-1”, “Нарын-2” жана “Нарын-3” ГЭСтеринин курулушу менен Кыргызстанда энергетикага болгон көз карандылык толугу менен чечилет. Жергиликтүү жаштар иш менен камсыз болот жана ири кубаттагы бул долбоор облустун социалдык экономикалык өсүп өнүгүшүнө татыктуу салым кошот. Учурда бул жерде 150 киши иштеп жатат, алардын 60ы жергиликтүү жарандар.

Ал эми буга чейин көмүр казган 5 ишкана болсо, учурда 9 ишкана иштеп жатат. Жылдык жыйнаган каражат 380 млн сомго жеткен.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу