Аймак

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
16/08 09:45
 

Тоң районундагы “Жер-Үй” суусу көтөрүлүп, мүрзөнү каптаган

Бишкек, 16-август /Кабар/. 15-августта Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Б.Мамбетов атындагы айыл аймагында “Жер-Үй” суусунун деңгээли көтөрүлүп, райондук суу чарба башкармалыгына тиешелүү “Жер-Үй” каналынын 1 чакырым жерин, Жер-Үй айылынын мүрзөсүн ылай-баткак менен жаап таштаган. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы билдирди.

Мындан сырткары, суу мүрзөнүн жанында токтоп турган “Москвич-412” унаасын агызып кеткен. Өзгөчө кырдаал болгон жерде ЖЭМ-33 тарабынан 1 грейдер жана Жер-Үй айылынын тургундары тартылып, күзөт уюштурулду. 
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу