Аймак

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
03/08 11:15
 

Таластык новатор-фермер О. Курамаев 1 га. картошкадан 4,5 тонна түшүм алды

 Бишкек, 3-август /Кабар/. «Талас районуна караштуу Көпүрө-Базар айылында жашаган фермер Ороз Курамаев картошканын жана буудайдын жогорку түшүм берүүчү сортторун өнүдүрүүдө»,-дейт Талас райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Кубатбек Алапаев.
Анын айтымында, фермер О. Курамаев акыркы эки жылдан бери Чүйдүн алдыңкы тажрыйба чарбаларынан картошканын “Альпен Гольд”, “Джелли” деген сортторун алып келип, бийик тоолуу аймакка райондоштуруп, тоо климатына чыдамдуу картошканын жаңы сортторун коңшу айылдагы фермерлерге жеткиликтүү баада таратып берүүдө.
«Өткөн жылы 15 сотых жерден 4,5 тонна картошка алдым»,- дейт новатор- фермер Ороз Курамаев. Быйыл облуста чипсы заводу курулуп жаткандыктан бул картошка ошол заводдун талаптарына жооп берет. Быйыл үйүнүн жанына эккен 1 гектардан ашык картошкадан мол түшүм алышы күтүлүүдө. Новатор-фермер муну менен эле токтоп калбай, 3 гектар жерге буудайдын “Супер-элита” үрөнүн сээп, андан да гектарынан 35 центнерден түшүм алганы турат. 5 гектар жерге өстүргөн арпасы да башакалардан өзгөчөлөнүп турат. Бийик тоо шартында мындай жаңылык чыныгы чоң новаторлук жаңылык. Фермердин эки жылдан бери өстүрүп жаткан Нокот буурчагы бийик тоолуу аймакка эле эмес, жалпы Талас жергесинде жаңылык катары кабыл алынууда.
Белгилей кетсек, айыл жамааты менен биргеликте «Ак пейил» техсервизин уюштурган Ороз Курамаевдин карамагында азыр 6 дан оруучу комбайн, 4 каз тамандуу тракторлор, 2 “Нива” дан оруучу комбайн, 4 сеялка жана чөп чабуучу пресс-подборщик машинасы бар.

 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу