Аймак

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
27/05 14:37
 

Оштогу жаңы автобазардын кирешесине жылда бирден социалдык объект курса болот

Бишкек, 27-май /Кабар/. Ош шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу жана автомашиналардын тыгынына каршы күрөшүү максатында “Жапалак” аймактык башкармалыгына көчүрүлгөн жаңы автобазар иштей баштады. Бул тууралуу мэриянын коомчулук менен байланыш кызматы билдирди.

Жаңы автобазарда автомашиналар менен алардын тетиктерин сатууга баардык шарттар түзүлгөн. Оштун вице-мэри Рустам Мирзаматовдун билдирүүсүндө, бул базардан түшкөн салыкка жаңы мектеп, бала бакча жана оорукана курууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

"Биздин эсебибиз боюнча, жаңы автобазардын кирешесинен Ош шаарында жылына бирден социалдык объект курууга болот", - деди Рустам Мирзаматов.

Белгилей кетүүчү жагдай, Ош шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан эски автобазар шаардыктар менен конокторго ыңгайсыз жагдай, тыгын жаратып, санитардык талапка да жооп берген эмес.

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу