Аймак

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
28/03 15:25
 

А. Атамбаев: «Кыргызстанда мыйзамдуу митингдер болуш керек, антпесе бийликтин көзүн май басып калат»

А. Атамбаев: «Кыргызстанда мыйзамдуу митингдер болуш керек, антпесе бийликтин көзүн май басып калат»

Жалал-Абад, 28-март /Анархан Жаңыбаева-Кабар/. Бул тууралуу КР Президенти А.Атамбаев бүгүн, 28-мартта Жалал-Абад шаарында облустун активи менен болгон жолугушууда билдирди.

Президенттин айтымында, митинг болсо, ал өз чеги менен болушу керек. Анан Чынгызханды туурап, бийликти басып алуу үчүн кашаадан ашып түшүүнүн кажети жок. «Бийликти алам дегендер Ак үйдү, Көк үйдү басып алам дебестен, келе жаткан Парламенттик, Президенттик шайлоого даярданышсын», - деди А.Атамбаев.

Президент өз сөзүндө 5 жылдык стратегиялык план иштелип чыкканын, ал ишке ашканда өзүнүн мөөнөтү бүтө тургандыгын баса белгиледи. Ал стратегиялык планда ГЭСтерди, жолдорду, көпүрөлөрдү, ишканаларды, мектеп, ооруканаларды куруунун мөөнөтү белгиленген. «Кыргызстанда тынччылык болсо, мамлекет өсөт. Элибиздин жашоосу жакшырат», - дейт өлкө башчысы.
 

Видео
Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу