Аймак

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
21/03 13:34
 

Премьер-министр:”Кыргызстандын көп улуттуу эли кыйынчылыкты эмгек менен жеңип келген”

Премьер-министр:”Кыргызстандын көп улуттуу эли кыйынчылыкты эмгек менен жеңип келген”


Ош, 21-март /Асанбек Каракозуев - Кабар/.  Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Нооруз майрамы менен Кыргызстандын элин Ош шаарында куттуктады. Шаардын борбордук аянтындагы салтанатта ал көп улуттуу мамлекетибиздин эли кыйынчылыктарды эмгек менен жеңип келгенин айтып, мындан ары дагы биримдикке, эмгекке үндөдү.
“Урматтуу мекендештер, Нооруз майрамы ар бир үйгө токчулук, тынччылык, татыктуу жашоо алып келет деген бекем ишеним жаратат. Бул салттарды ушул күнгө чейин бекем сактап, улантып келе жатабыз. Кыргызстандын көп улуттуу ынтымак менен ырыска жуурулушкан эл экенин тарых тастыктады. Кыйындыкты эмгек менен багынткан элибизге ыраазычылык билдирем.

Урматтуу кыргызстандыктар, сиздерди Нооруз майрамын тосуп жатып, тазаланууга чакырып, ак ниет, тунук ой-максаттарды каалаймын”, - деди Ж.Сатыбалдыев.
Белгилей кетсек, Нооруз майрамын белгилөө үчүн Ош облусунун бардык райондорундагы айыл өкмөттөрдө иш-чаралар, спорттук мелдештер, улуттук ат оюндар өткөрүлүүдө. Ал эми Ош облустук ат майданында ат оюндарынын жыйынтыктоочу мелдеши өтүп жатат.
 

Видео
Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу