Аймак

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
28/05 12:09
 

Кадаңбай Бактыгулов: “Июнь окуяларында өрттөлгөн 1 миң 627 менчик үй калыбына келтирилди”

Кадаңбай Бактыгулов: “Июнь окуяларында өрттөлгөн 1 миң 627 менчик үй калыбына келтирилди”

Бишкек, 28-май /Жолдош Жусупов - Кабар/. Июнь окуяларында өрттөлгөн 1 миң 627 менчик үй калыбына келтирилди. Бул жөнүндө “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Ош жана  Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директорунун орун басары Кадаңбай Бактыгулов билдирди.

“2010-жылы кыш айларына чейин 1 миң 780 үй оңдолуп, убактылуу пайдаланууга берилген. Булар акырындык менен кеңейтүүгө муктаж болгон өтмөк үйлөр эле”, - деди директордун орун басары.

Анын айтымында, 2011-2012-жылдары аталган үйлөрдү 100 чарчы метрге чейин кеңейтүү иштери жүргүзүлгөн. “Учурда аянты 100 чарчы метрге чейин чоңойтулган жеке менчик үйлөрдүн саны 1 миң 627 болду. Мындан тышкары 2012-жылдын май айына карата 1 миң 545 үйдүн курулушу жүрүүдө. Алардын 638и Ош облусунда, Ош шаарында 575 үй жана Жала-Абад облусунда 332 үй салынууда”, - дейт К. Бактыгулов.

 

Видео
Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу